Коом
Дыйкандарга 21 млрд сомго 9 миңден ашуун техника лизингге берилди
Банктар аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар жеңилдетилген шарттарда – жылдык 6% үстөк пайызы менен 7 жылдык мөөнөткө лизингге берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мамлекеттик колдоонун алкагында бүгүнкү күнгө