Транспорт
Байтик айылынан Кашка-Сууга чейин 9 км веложол курулууда
Чүй облусунун Аламүдүн районунда Байтик айылын Кашка-Суу айылы менен бириктирген жаңы веложолдун курулушу уланууда. Долбоордун жалпы узундугу 9 чакырымды түзөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Учурда анын 4,3 чакырымына асфальт төшөлүп, калган бөлүгүндө бордюр орнотуу жана жер иштери жүрүп жатат. Курулуш иштерин Транспорт жана