Айгерим Качкынбекова

Манас районунда электр тармактарын жаңылоо иштери башталды

Энергетика

Манас районунда электр тармактарын жаңылоо иштери башталды

Энергетика министрлигинин реформасынын алкагында Манас районунда аба чубалгыларында 574,726 км техникалык тейлөө иштери башталды. Аталган иш-аракеттер Талас электр тармактар ишканасы тарабынан 2026-жылдын ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Атап айтканда 10 кВ аба чубалгыларында 272,980 км, 0,4 кВ аба чубалгыларында 301,746 км техникалык

Кыргызстанда үрөн чарбалары менен көчөткана ээлерине 3% жеңилдетилген насыя берилди

Коом

Кыргызстанда үрөн чарбалары менен көчөткана ээлерине 3% жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда айыл чарба тармагын өнүктүрүү максатында үрөн чарбалары жана күнөсканалар жеңилдетилген 3%дык насыя менен колдоого алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылы үрөн жана көчөт даярдоо багытында бир катар көрсөткүчтөргө жетишилди. Учурда өлкө боюнча 86 үрөн чарбасы иш алып барууда. Дотация программасынын алкагында жазгы-күзгү айдоо үчүн

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектар жерге сейил бак курулат

Коом

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектар жерге сейил бак курулат

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектардан ашуун аймакка жаңы сейил бак куруу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык муниципалитети билдирди. Маалыматка ылайык, жакында шаар мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Ак-Буура дарыясынын жээгине рейд жүргүзүп, аймактын абалы жана аны өнүктүрүү боюнча иштер менен жеринде таанышты. Рейддин жүрүшүндө калаа

Кара-Суудагы Савай айылында ирригация маселеси быйыл толук чечилет

Коом

Кара-Суудагы Савай айылында ирригация маселеси быйыл толук чечилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кеңешме-жыйынында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл аймагындагы ирригация маселеси толугу менен чечилери белгиленди. Бул тууралуу министрдин орун басары, Суу ресурстары башкармалыгынын башчысы Алмаз Жээналиев билдирди. Анын айтымында, Савай айылындагы коллектор-дренаж тармагын калыбына келтирүү боюнча иштер Эл аралык кызматташтык

Бишкекте ЭМУнун “1+1” пилоттук программасынын жыйынтыктары чыгарылды

Коом

Бишкекте ЭМУнун “1+1” пилоттук программасынын жыйынтыктары чыгарылды

Бүгүн Бишкек шаарында “Жергиликтүү өнүгүүнү жана миграция мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө: “1+1” шайкеш гранттар программасы жана дипломатиялык платформа” аттуу иш-чара өтүп, коопсуз жана мыйзамдуу миграция жолдорун кеңейтүү, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктардын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлордун жыйынтыктары сунушталды. Иш-чаранын жүрүшүндө Эл аралык миграция уюму (ЭМУ/МОМ) ишке ашырып жаткан “1+1” пилоттукпрограммасынын жыйынтыктары,

Жыл башынан бери тоо-кен тармагында 20 лицензия берилди

Коом

Жыл башынан бери тоо-кен тармагында 20 лицензия берилди

Жыл башынан бери 20 компаниянын лицензия алуу боюнча арыздары каралып, канааттандырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, берилген лицензиялардын ичинен 12си көмүр, 3ү мунай жана газ, 3ү алтын, ал эми 2си курулуш материалдары (неруддук материалдар) боюнча берилген. Белгиленгендей, кабыл алынган чечимдер тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө

Н.Орунтаев: Быйыл курулуш тармагында ири долбоорлор ишке ашат

Коом

Н.Орунтаев: Быйыл курулуш тармагында ири долбоорлор ишке ашат

Быйыл Кыргызстанда жаңы мектептерди куруу, социалдык объектилерди бүткөрүү жана курулуш тармагын санариптештирүү боюнча бир катар иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коллегиялык жыйында билдирди. Анын маалыматына ылайык, быйыл Бишкек шаарында 20, Ош шаарында 10,

Кыргызстан менен JICA ишкерликти колдоо боюнча кызматташууну талкуулады

Экономика

Кыргызстан менен JICA ишкерликти колдоо боюнча кызматташууну талкуулады

Кечээ Экономика жана коммерция министрлигинде экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Жапониянын финансылык институттарынын жана Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар чакан жана орто ишкердикти мамлекеттик колдоо саясаты, бизнести каржылык колдоо механизмдерин өнүктүрүү жана ишкерлердин кредиттик ресурстарга жетүүсүн кеңейтүү

Кыргызстан Транс-Каспий транспорттук коридорун өнүктүрүүгө көңүл бурууда

Транспорт

Кыргызстан Транс-Каспий транспорттук коридорун өнүктүрүүгө көңүл бурууда

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Герман эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар Транс-Каспий транспорттук коридорунун потенциалын өнүктүрүү алкагындагы программаларды ишке ашыруу, ошондой эле мындан аркы кызматташтыктын багыттарын талкуулашты. Министрлик тарабынан учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана алдыдагы артыкчылыктуу багыттар

Бишкекте кудуктардын капкактарын жол деңгээлине чейин көтөрүү иштери жүрүүдө

Коом

Бишкекте кудуктардын капкактарын жол деңгээлине чейин көтөрүү иштери жүрүүдө

Бишкек шаарында жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадалары Исанов жана Садырбаев көчөлөрүндө кудуктардын капкактарын жолдун деңгээлине чейин көтөрүп, оңдоп жатышат. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул иштер жол коопсуздугун жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Маалыматка ылайык, быйыл жаңы технологияны колдонуу менен Бишкек

Быйыл Бишкек шаары болжол менен 2 млн гүл менен кооздолот

Коом

Быйыл Бишкек шаары болжол менен 2 млн гүл менен кооздолот

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы быйыл борбор калаа үчүн кеңири масштабдуу гүл программасын пландаштырган. Шаар болжол менен эки миллион бир жылдык гүл менен кооздолот, алар гүлзарларга, сейил бактарга, аянттарга жана борбордук көчөлөрдүн боюна отургузулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Белгилей кетүүчү нерсе, жылуу жаздын аркасында 10-апрелге чейин болжол менен

Айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча жаңы чаралар көрүлөт

Коом

Айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча жаңы чаралар көрүлөт

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өткөн кеңешме жыйынында өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация тармактарын өнүктүрүү боюнча алдыдагы жылдарга карата стратегиялык пландар талкууланды. Бул тууралуу Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов билдирди. Анын айтымында, багбанчылык тармагында фермерлерди сапаттуу жана сертификатталган мөмө-жемиш көчөттөрү