Бийлик
Жогорку Кеңеш 30 млн долларлык "Бирдиктүү саламаттык" долбоорун ратификациялады
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында "Бирдиктүү саламаттык" программасынын алкагында Кыргыз Республикасы үчүн 1-фаза долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну жана гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы. Мыйзам долбоору боюнча