Бактынур Абдиева

Экономика

Жыл сайын темир сатып алууга миллиондогон доллар кетет - президент Кыргызстанда заводдорду курууга чакырды

Президент Садыр Жапаров өкмөт Кыргызстанда руданы казуудан баштап, металл буюмдарын чыгарууга чейин толук кандуу металлургиялык өндүрүш чынжырын түзүүгө ниеттенип жатканын айтты. Жапаров бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан биринчи элдик курултайда билдирди. Президенттин айтымында, келечекте өкмөт сырттан металл сатып албастан, өзүнүн темир кендерин пайдаланып, темир рудасын кайра иштеткен жана темир

Бийлик бир жылдан бери мал чарбачыларга жеңилдетилген кредиттер жөнүндө айтып келет – бирок акча бере элек

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кошумча каражат – 17 млн доллар бөлгөн. Бул тууралуу өкмөт мал чарбачыларга жыл башынан бери айтып келе жатат, бирок акча бере элек. Финансы мининстрлигинин айтымында, учурда Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы потенциалдуу бенефициарлар – фермерлер менен жолугушуулар өтүп, долбоордун шарттары тууралуу маалымат таратылып жатат.

Америкадагы жүк ташуучулар жана кыргызстандык диспетчерлер — Бишкектен отуруп АКШда кантип иштесе болот

Бизнес маек

Америкадагы жүк ташуучулар жана кыргызстандык диспетчерлер — Бишкектен отуруп АКШда кантип иштесе болот

Жыл сайын миңдеген кыргызстандыктар жумуш издеп мекенин таштап кетишет. Көпчүлүгү Батыш өлкөлөрүнө, өзгөчө АКШга барууну каалашат. Бул өлкө өзүнүн өнүккөн жүк ташуу индустриясы менен айырмаланат, анын жылдык жүгүртүүсү дээрлик 800 млрд долларды түзөт. Социалдык тармактарда жүк ташуучу унаанын айдоочусу (тракист) болуп иштеген кыргызстандыктарды көрүүгө болот, бирок бул жаатта диспетчерлер да

Чиновниктердин кварталдык сыйлыктары кыскартылат, бирок 13-айлыгы жана эки айлыктык эмгек өргүүсү калат

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров кечээ, 24-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында кварталдын жыйынтыгы боюнча чиновниктерге берилүүчү сыйлыктар кыскартылганын билдирди. Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы 2023-жылы мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүү планда жок экенин билдирди. «Айлыктар көтөрүлгөнгө чейин премиялар эмгек акыны жогорулатуунун бир ыкмасы болчу. Бирок мамлекеттик кызматкерлер муну дагы бир айлык катары көрүшчү.

Мыйзамсыз алкоголь жана тамеки ташыгандар товарынан да, транспортунан да айрылышат - Салык кызматы

Кыргызстандын Салык кызматы мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки ташуучуларга товарын транспорту менен кошо тартып алаарын эскертти. Мамлекеттик салык кызматы таксисттерге өзгөчө көңүл бурат. Салык кызматы алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки продукциясын мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын, анын ичинде мыйзамсыз сатуу үчүн товарларды ташуу фактыларын аныктоо боюнча ишин күчөткөнүн билдирди. «Өлкөнүн аймагында, өзгөчө такси

Кыргызстанда 2023-жылы жогорку сапаттагы «Евро-5» бензинин чыгаруучу завод курулат

Кыргызстанда 2023-жылы “Евро-5” үлгүсүндөгү сапаттуу бензин чыгаруучу завод курулат. Бул тууралуу кечээ, 24-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди. Талкууда депутат Ырысбек Атажанов Кадамжай районундагы Бүргөндү газ сактагычтагы жаткан мунай толугу менен Кыргызстанга өткөндүктөн, алар менен качан иш башталарын сурады. «Биз «Кыргызнефтегаз» ААК мамлекеттик ишканасын түздүк, сактагыч

«Русатомдун» долбоору Кыргызстанга АЭС керек же керек эмес экенин түшүнүүгө жардам берет - Энергетика министрлиги

Россиялык «Русатом» корпорациясы чакан атомдук электр станциясын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин гана даярдайт. Энергетика министрлиги өлкөдө АЭС курулушу боюнча маалыматты тактады. Ведомствонун айтымында, атомдук электр станциясын куруу боюнча эч кандай чечим кабыл алынган жок. Бул маселени чечүүдө калктын пикири эске алынат. “Кол коюлган документте кызматташуу тууралуу сөз болууда. Ага ылайык, долбоордун

Кумтөрдө калдык сактагычтагы калдыктардан алтын өндүргөнү жатышат - азыр өнөктөштөр изделүүдө

“Кумтөр Голд Компани” алтын өндүрүү үчүн кендин калдык сактагычтагы калдыктарын кайра иштетүү боюнча биргелешкен долбоор боюнча тендер жарыялады. “КГК”нын өнөктөштөрү бардык документтерди даярдап, долбоорду мамлекеттик органдар менен макулдашып, кайра иштетүү комплексин куруп, ишке киргизиши керек. “Кумтөр” кениндеги алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын калдыктарын кайра иштетүү боюнча долбоорду ишке киргизүү тууралуу

Экономика

Өлкөбүздө 2 миллиондон ашык адам күнүнө 125 сомго жашайт - эксперт

Кыргызстанда 2 млн 200 миң адам күнүнө 125 сомго оокат кылат. Бул тууралуу “Глобалдык өзгөрүүлөр мезгилинде Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу” деген темада өткөн тегерек столдо эксперт Канат Тилекеев билдирди. Ал азык-түлүктүн баасы 46%га кымбаттап, бул калктын азык-түлүк корзинасына таасирин тийгизип жатканын белгилеп айтты. Жакырчылыктын деңгээли 33%га өстү. Шаардагы жакырчылык

Бийлик

Депутат өз үй-бүлөсүн да, Ташиевдердин үй-бүлөсүн да текшерүүнү сунуштады

Бүгүн, 24-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева өзүнүн үй-бүлөсүн жана Ташиевдердин үй-бүлөсүн текшерип, салыштырып көрүүнү сунуштады. Буга чейин ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан кысым жана коркутуп-үркүтүүлөр болуп, туугандарынын бизнесин тартып алабыз деп коркутканын айткан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев “Кудайберген” базарына ээлик кылган Сурабалдиеванын үй-бүлөсү мамлекетке 70

Бул жылы энергетикага чыгымдар эки эсе өстү - Финмин

Быйыл энергетика жана энергетикалык коопсуздукка 15.6 млрд сом жумшалат. 2021-жылга салыштырмалуу чыгымдар эки эсеге көбөйдү – анда бул тармакка 6.4 млрд сом багытталган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. 2022-жылдын 10 айында энергетика тармагына 12.6 млрд сом бөлүнгөн. Бул сумма былтыркы жылдын ушул эле мезгилиндеги чыгашалардан 6.2 млрд

Келерки жылда мамлекеттик кызматкерлерге кеткен чыгым 40 млрд сомго көбөйөт

Келерки жылы мамлекеттик кызматтардын жалпы бюджеттик чыгашалары 111.2 млрд сомдон ашат. Быйылкы жылга салыштырмалуу чыгымдар 40.1 млрд сомго көбөйөт. Бул тууралуу 2023-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорунда жазылган. Алсак, бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгашалар 39.5 млрд сомго көбөйүп, жалпысынан 109.3 млрд сомду түзөт. Калган каражат атайын эсептен – 1.