Коом
Чүйдө, Бишкекте майда көмүр сатууга тыюу салынды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкекке жана Чүй облусуна майда көмүрдү алып келип сатууга тыюу салынганын билдирди. Министрликтин маалыматы боюнча Министрлер кабинети 6-октябрда №639 “Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө” токтомун бекиткен. Мындай чечим борбордук аймактагы айлана-чөйрөнү коргоо жана абанын сапатын жакшыртууга багытталган. Аталган документке ылайык эми