Энергетика
Самарканддагы энергетикалык комплексти Япония банктары каржылайт
Өзбекстандын Самарканд облусундагы жалпы наркы 1,45 млрд долларды түзгөн эки заманбап энергетикалык комплекстин курулушун Япониянын ири банктары каржылаары маалым болду. Аталган облустун акимиятынын маалыматына ылайык, жаңы комплекстердин жалпы кубаттуулугу 1000 мегаваттка жетет. Бул Өзбекстандын энергетикалык тең салмактуулугун сактоого багытталган маанилүү кадам экенин адистер айтышууда. Каржылоонун 635 млн долларын Япониянын