Октябрда Кыргызстанга акча которуулардын жалпы көлөмү 340,5 млн долларды түздү

Октябрда Кыргызстанга акча которуулардын жалпы көлөмү 340,5 млн долларды түздү

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 340,5 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн келген - 321,6 млн доллар. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн 18,9 млн доллар которулган.

Ал эми октябрдын аягына карата Кыргызстандан башка өлкөлөргө 32,5 млн доллар которулган. Анын 29,5 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 3 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Касымалиев Чыгыш айланма унаа жолунун курулушу менен таанышты

Жерүй кенинен 9 айда мамлекеттик казынага 20 млрд сом түшкөн

Улуттук банк эскертет

Таласка 8,1 млн доллар инвестиция тартылып, 325 жумуш орду түзүлдү

Кытайлык компания менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду