Экономика
КР Бразилия, Индия, Афганистан өлкөлөрүнөн 35 млн долларлык кумшекер импорттоду
Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга дээрлик 70 миң тонна кумшекер импорттолсо, өткөн жылдын ушул мезгилинде 20.4 миң тонна гана ипорттолгон. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Бразилия жана Индия КРга кумшекер сатуу боюнча лидер болушту. Бразилия КРга быйыл 35.4 миң тонна кантты 20 млн долларга сатып, негизги импортер болду.