Ысык-Көлдөгү «Ак-Булак плюс» сүт заводу сүттү кайра иштетүүнү суткасына 100 тоннага чейин көбөйтөт
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Каракол шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү ири ишкана «Ак-Булак плюс» ЖЧКсына 1 млн доллар жеңилдетилген насыя берип, өндүрүштүн кубаттуулугун суткасына 100 тонна сүткө жеткирүүгө жардам берди. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди. Берилген маалыматка ылайык, ишканада май, сыр жана кургак сүт чыгаруучу цехтер