Назира Абдиева

«Кумтөр» бюджетке 11.7 млрд сом которгонун билдирди

«Кумтөр» бюджетке 11.7 млрд сом которгонун билдирди

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК үстүбүздөгү жылдын 11 айында бюджетке 11.7 млрд сомдон ашык каражат которгонун билдирди. Компаниянын маалыматы боюнча, каржы министри Алмаз Бакетаев дүң кирешеге салык боюнча гана (алтын сатуудан түшкөн кирешенин 13%) маалыматын жарыялаган. План боюнча 6 млрд 916 млн сом каралган болсо, «Кумтөр» 6 млрд 998 млн

«Кыргызкөмүр» МИ 740 миң тонна көмүр казды

«Кыргызкөмүр» МИ 740 миң тонна көмүр казды

Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 15-декабрга чейинки аралыкта Кара-Кече көмүр кенинен 740 миң тонна көмүр казылып алынды. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 243 миң тоннага көп дейт Энергетика министрлиги. 2020-жылы бир жылда 497 миң тонна көмүр казылган. Министр Доскул Бекмурзаевдин тапшырмасы менен 4 айдын ичинде жарым млн тонна көмүр казылып, Бишкек ЖЭБине, бюджеттик

БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды

БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында айтылат. Берилген маалыматка ылайык, 6 партия 5%дык чектен өттү. Алар:  «Ата-Журт Кыргызстан» — 222 005 добуш, 17.32% «Ишеним» — 174 470 добуш, 13.61% «Ынтымак» —  141 009 добуш, 11% «Альянс» – 106 955 добуш, 8.35%

Манас Мураталиев: ЭЭАнын субъекттери импорттук товарлар менен атаандаша албай келет

Манас Мураталиев: ЭЭАнын субъекттери импорттук товарлар менен атаандаша албай келет

«Бишкек» Эркин Экономикалык Аймагынын (ЭЭА) башкы директорунун кеңешчиси Манас Мураталиев арзан жумушчу күчү жана электр энергиясы болгон күндө да ЭЭА субъекттери импорттук товарлар менен атаандаша албай турганын билдирди. Мындай пикирин ал «Кыргызстанда инвестициялык климатты калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк барбы?» аттуу Economist.kg басылмасы уюштурган тегерек столдо айтты. Ал ата мекендик өндүрүшчүлөрдү

Акылбек Жапаров «Кумтөрдүн» азайып кеткен кирешесине комментарий берди

Акылбек Жапаров «Кумтөрдүн» азайып кеткен кирешесине комментарий берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөрдүн» азайып кеткен кирешеси тууралуу комментарий берди. Анын айтымында, баары жакшы. Эскерте кетсек, Финансы министрлиги  Кумтөрдөн түшкөн киреше үчтөн бирге кыскарып, бюджетке 2.6 млрд сом түшпөй калганын билдирген болчу. Ведомстводон «Кумтөр Голд Компани» ЖАК 2020-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө 9 млрд 618.7 млн

Жакында антителага тапшырылган анализдер  бекер болот

Жакында антителага тапшырылган анализдер бекер болот

Жакында антителага анализдер бекер тапшырылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, СПИДке каршы глобалдык фонд лабороториялык жабдууларды КРнын аймактарына берип жатат, ал жерде антителага тапшырылган анализдер акысыз негизде алынат. «Жакында бүт облустарда 3-4 жерлерде, анын

Быйыл социалдык объектилерди оңдоого 473 млн сом жумшалды

Быйыл социалдык объектилерди оңдоого 473 млн сом жумшалды

Быйылкы жылы социалдык объектилерди оңдоого 473 млн сомдон ашык каражат жумшалды. Стимул берүүчү гранттар 267 долбоорго берилди. Мындай маалыматты Финансы министрлиги берди. Жалпысынан 2021-жылдын бюджетинде стимул берүүчү гранттарга 600 млн сом каралган. Стимул берүүчү (үлүштүк) гранттар – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттары. Каражаттар долбоордук-конкурстук негизде, жергиликтүү

Бишкекте пластиктерди кайра иштетүүчү завод ачылат

Бишкекте пластиктерди кайра иштетүүчү завод ачылат

BEGREEN эко-кыймылы Бишкекте пластикти кайра иштетүүчү заводду ишке киргизди. Бул тууралуу аталган кыймылдын өкүлдөрү билдирди. «Белгилүү болгондой эле биздин шаарда, бүткүл дүйнөдөгүдөй эле экологияны эң негизги булгоочу пластикти сорттоо курч маселеси турат. 2019-жылы бул маселени комплекстүү чечүүнү ойлонуп эко-кыймылды баштадык, анын алкагында таштандыларды сорттоо маданиятын жогорулатуу максатында калк менен маалымат

АӨБ эмдөөгө 25 млн доллар берет, ага 1.7 млн доза вакцина алынат

АӨБ эмдөөгө 25 млн доллар берет, ага 1.7 млн доза вакцина алынат

Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) эмдөөгө 25 млн доллар берет, ага 1.7 млн доза вакцина алабыз, бирок 1 доза канчадан болот билбейбиз, божомол менен 10 доллардан кем болбойт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди. «Жыйында КР менен

«Кербен-Алтын булак» ЖЧК алмашуу бюросунун лицензиясы жокко чыгарылды

«Кербен-Алтын булак» ЖЧК алмашуу бюросунун лицензиясы жокко чыгарылды

«Кербен-Алтын булак» ЖЧК алмашуу бюросунун лицензиясы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады. 2021-жылдын 14-декабрында берилген арызга ылайык, Талас облусундагы, Манас районунда, Тараз-Покровка-Кайыңды автотрассасынын 0+0.070 км дареги боюнча «Чоң-Капка» бажы постунун жанында жайгашкан «Кербен-Алтын булак» ЖЧК алмашуу бюросунун лицензиясы жокко чыгарылган.

Лейлек районунда 7 млн долларлык кичи ГЭС курулууда

Лейлек районунда 7 млн долларлык кичи ГЭС курулууда

Баткен облусунун Лейлек районунда 7 млн долларлык кичи ГЭС курулууда. Бул тууралуу batken.press маалымат порталы билдирди. Лейлек районунда кичи ГЭСтин курулушу жүрүп жатат. Катраң айыл аймагында Козу-Баглан дарыясынын жээгинде, ички инвестордун колдоосу менен 6 мегаваттуу кичи ГЭС курулууда. Долбоордун жалпы сметалык баасы 7 млн долларды түзөт. Берилген маалыматка ылайык,

Финансы министрлиги: «Кумтөрдөн» канча алтын сатылганын биз билбейбиз, «Кыргызалтын» билет

Финансы министрлиги: «Кумтөрдөн» канча алтын сатылганын биз билбейбиз, «Кыргызалтын» билет

Кечээ, 13-декабрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Осмон Турдумамбетов «Кумтөрдүн» алтындары кайда сатылып жатканы тууралуу суроосун Финансы министри Алмаз Бакетаевге жолдогон эле. Министр өз кезегинде ал тууралуу маалыматы жок экендигин билдирген болчу. Бүгүн, 14-декабрда Финансы министрлиги «өз компетенциясынын чегинде» кайрадан төмөнкүлөрдү билдирди. «Кумтөр кениндеги өндүрүштүн акыркы продуктусу алтын,