Эми соттолбогондугу тууралуу маалымкатты КТБдан алууга болот
2021-жылдын 26-июлунан баштап жарандар соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалымкатты жана жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча арыздарды Бишкек шаарынын Калкты тейлөө борборлорунан алса болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады. Берилген маалыматка ылайык, бул кызмат борборунун калкты тейлөө борборлорунда ачылышы арыз берүүчүнүн убактысын үнөмдөп, ыңгайлуу шарттарды түзөт. Анткени соттолгондугу же соттолбогондугу