Банктар депозиттерди камсыздандыруунун суммасын 400 миң сомго чейин көбөйтүүгө милдеттендирилет
Экономика министрлиги коммерциялык банктардагы депозиттерди милдеттүү камсыздандыруунун суммасын дароо эки эсеге, тагыраак айтканда, 200 миң сомдон 400 миң сомго чейин көтөрүүнү демилгелеп жатат. “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Экономика министрлиги белгилегендей, бул мыйзам долбоорунун милдети болуп – кепилденген учур (банкроттук) келген