Бир жумалда 9.8 миң тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду

Бир жумалда 9.8 миң тонна айыл чарба продукциясы экспорттолду

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментин тарабынан 2023-жылдын 28-июлунан айынан 4-августуна карата республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоолуучу 9 миң 872 тонна ата-мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлики билдирди.

Экспорттук көлөмү боюнча:

  1. Чүй облусунан 6 миң 104 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 397 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Чүй облусунан эң көп экспорттолгон продукция: жемиштер-958 тоннаны түзүп Россия, Казакстан

өлкөлөрүнө экспорттолгон.

  1. Ысык-Көл облусунан 1 миң 723 тонна айыл чарба продукциясы

экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга

тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 96 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ысык-Көл облусунан чеснок-1215 тонна Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.

  1. Ош облусунан 1 миң 307 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбагандан соң, 81 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Ош облусунан жемиштер 769,6 тоннаны түзүп, Россия өлкөсүнө экспорттолгон.
  2. Жалал-Абад облусунан 355,4 тонна айыл чарба продукциясы

экспорттолуп, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 18 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Жалал-Абад облусунан пахта буласы-124,4 тонна Кытай өлкөсүнө, каперсон-151,5 тонна Турция өлкөлөрүнө экспорттолгон.

  1. Талас облусунан 233,9 тонна айыл-чарба продукциясы экспорттолуп, үлгүлөр тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 44 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Талас облусунан буурчак өсүмдүктөрү 120 тонна Индия, Грузия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолгон.
  2. Баткен облусунан 148 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолгон, үлгүлөр тиешелүү фитосанитардык лабораторияларга тапшырылып, жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм тастыкталбаган соң, 6 даана фитосанитардык сертификат жазылган. Ушул жумада Баткен облусунан чеснок 81 тонна, таарынды (опилки)-48 тонна, бадам-19 тонна Өзбекстан өлкөсүнө экспорттолгон.

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын