Экономика
Ноокатта 260 млн долларга жер семирткич өндүрүүчү завод курулууда
Ноокат районунун Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жылына 500 миң тонна жер семирткич өндүрүүгө багытталган ири заводдун курулушу жүрүп жатат. Завод үч этап менен курулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда заводдун биринчи этабы аяктап, административдик имараттын ачылыш аземи өткөрүлдү. Планга ылайык, завод 2026-жылдын сентябрь айында