КРУБ өкүлдөрү ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышышты

КРУБ өкүлдөрү ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышышты

2026-жылдын 14-апрелинде Вашингтондо өткөн Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында КРнын Улуттук банкынын төрагасы Алмаз Бакетаев менен ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин директору Жихад Азур жана ЭВФтин Кыргызстан боюнча миссиясынын башчысы Дмитрий Гершенсондун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар КРдагы учурдагы экономикалык тенденциялар жана IV берене боюнча консультациялардын алкагында Фонддун жакында болгон миссиясынын жыйынтыгын талкууга алышты. Тараптар жогорку белгисиздик жана глобалдуу геосаясий чакырыктар шартында ишке ашырылып жаткан экономикалык саясаттын чараларына өзгөчө көңүл бурушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ЭВФ менен мындан аркы кызматташуусунун келечеги, анын ичинде CCAMTAC - Кыргызстандын ЭВФтин Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия аймагы үчүн потенциалды өнүктүрүү боюнча аймактык борборунун ишине катышуусун кеңейтүү маселелери да талкууланды.

Тараптар республиканын мамлекеттик органдарынын институционалдык потенциалын жогорулатууга багытталган программалардын алкагында техникалык өз ара иш алып барууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. 

Ушул эле жыйындардын алкагында, КРнын Улуттук банкынын төрагасы Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Мартин Шлегель менен жолугушту. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар финансылык жөнгө салуучулардын көп жылдык өз ара иш алып баруусун жогору баалап, кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экендигин билдиришти. Эксперттик билим алмашууга жана биргелешкен окутуу программаларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. 

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй башкармалыгы Аламүдүн районунда инвентаризация жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүү Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айылдарындагы кум-шагыл казуу жана иштетүү объектилеринде өттү. Бетон орнотмолор (БСУ), майдалоо-сорттоо орнотмолору (ДСУ), эритме-бетон түйүндөрү (РБУ) жана кирпич заводу текшерилди. Жыйынтыгында 18 объект

Ишкер Media
Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Жогорку Кеңештеги парламенттик угууда субижарага байланышкан айып пулдар боюнча Салык кызматы менен бир чечимге келишкенин билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынынан кабарлашты. Анын айтымында, субижарачылар мыйзам бузса, жоопкерчилик базар жана соода борборлорунун ээлерине жүктөлүп жатат. Бирок алардын ортосунда түз келишим жок. Ошондуктан ассоциация айып пул салуудан

Ишкер Media
Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн жоопкерчиликтен качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасай баштаган. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзуп, чет өлкөдөн К.С. аттуу жаранды кармады. Тергөөдө аныкталгандай, К.С. буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен жабырлануучу М.Н.нын 150 миң

Ишкер Media
Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media