Россияда Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган жаңы күмүш монеталар чыгарылды

Россияда Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган жаңы күмүш монеталар чыгарылды

РФнын борбордук банкы 2026-жылдын 16-апрелинен тарта жүгүртүүгө номиналы 2 рубль болгон эстелик күмүш монеталарды чыгарды. Алар “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары” сериясына арналган.

Борбордук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жаңы монеталар согуштун баатылары Исса Плиев жана Алексей Маресьевге арналган.

Исса Плиев – эки жолку Советтик Союздун Баатыры, согуш учурунда Москва, Сталинград, Курск салгылашууларына жана Будапешт, Прага операцияларына катышкан белгилүү кол башчы. Ал эми Алексей Маресьев – оор жаракат алып, эки бутунан ажыраганына карабастан кайра учууга кайтып, абадагы салгылаштарда эрдик көрсөткөн легендарлуу учкуч болгон.

Монеталар 925 пробадагы күмүштөн жасалып, салмагы 15,55 грамм, диаметри 33 мм. Бет жагында Россия Федерациясынын герби, номиналы жана чыгарылган жылы көрсөтүлсө, арткы бетинде баатырлардын портреттери жана символикалык сүрөттөрү жайгашкан.

Ар бир монетанын тиражы 3 миң даананы түзөт. Алар Россиянын аймагында расмий төлөм каражаты катары колдонууга жарактуу.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды