КРнын Улуттук банкы Индия менен төлөм системалары боюнча кызматташууну талкуулады

КРнын Улуттук банкы Индия менен төлөм системалары боюнча кызматташууну талкуулады

КРнын Улуттук банкынын делегациясы Вашингтондо өтүп жаткан Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын 2026-жылдагы жазгы жыйындарынын алкагындагы иш боюнча жолугушууларын улантууда. 

Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлагандай, иш-чаралардын жүрүшүндө КРнын Улуттук банкынын төрагасы Алмаз Бакетаев Индиянын Резервдик банкынын жетекчиси Санджай Малхотра менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар борбордук банктардын ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулап, улуттук төлөм системаларын өнүктүрүүгө жана аларды интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Алмаз Бакетаев банктык кызматтарды санариптештирүүнүн кеңейиши жана эки өлкөнүн жарандары үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүдө ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгы шартында бул багытты өнүктүрүүнүн актуалдуулугун баса белгиледи. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргыз делегациясы КМШнын Саламаттык сактоо боюнча жыйынына катышты

Кадамжайда окуучуларга финансылык сабаттуулук боюнча лекция өтүлдү

Ысык-Көлдөн 800 метрлик эски балык уулоочу торлор чыгарылды

Нарындын Эмгекчил айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду