Кыргызстанда 254 миңден ашуун жаран өзүнө-өзү кредит алууга тыюу салды

Кыргызстанда 254 миңден ашуун жаран өзүнө-өзү кредит алууга тыюу салды

2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 17-апрелине чейинки мезгил аралыгында 254 190 адам «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматын иштетти. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-ноябрынан тартып кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу механизми иштей баштаган. Бул чара жарандарды шылуундардан коргонуп, керексиз карыздардан сактануусу үчүн киргизилген.

Өзүнө-өзү тыюу салуу – бул, жарандын өз эрки боюнча жана акысыз негизде финансы-кредит уюмдардан кредит алып, тариздөө мүмкүнчүлүгүн алдын ала чектөө кызматы болуп саналат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргыз делегациясы КМШнын Саламаттык сактоо боюнча жыйынына катышты

Кадамжайда окуучуларга финансылык сабаттуулук боюнча лекция өтүлдү

Ысык-Көлдөн 800 метрлик эски балык уулоочу торлор чыгарылды

Нарындын Эмгекчил айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду