Өткөрүп жибербеңиз, ABank сиздерди Айдоо Фестке чакырат!

Өткөрүп жибербеңиз, ABank сиздерди Айдоо Фестке чакырат!

Бишкек, Кыргызстан — 18–19-апрелде Чүй облусунда (Кожомкул айылы, жаңы автовокзалдын бет маңдайы) Айдоо Фест 2026 — жылдын эң ири агрардык көңүл ачуучу фестивалы өтөт. Келген конокторду жер айдоо жана кой кыркуу боюнча мелдештер, фермерлер менен механизаторлор арасында тактык боюнча сынактар, Арашан тукумундагы койлордун көргөзмөсү, айыл чарба продукциясынын жарманкеси, жергиликтүү жана чет өлкөлүк артисттер катышкан шоу-концерт, ошондой эле фудкорт, балдар үчүн аянтча жана башка көптөгөн кызыктар күтөт.

Фестивалдын алкагында өнөктөштөрдөн Fan Pass стимул берүүчү акциясы өтөт. Коноктор өнөктөш зоналарынан атайын билеттерди акысыз алып, активдүүлүктөргө катыша алышат. Күн сайын 100дөн ашуун баалуу белек таратылат — катышуучу канчалык көп Fan Pass чогултса, белек утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.

Мындан тышкары, ABank Zero менен биргеликте социалдык тармактарда сынак уюштурат. Байгелердин арасында iPhone 17 Pro Max, iPad, ноутбук, планшеттер жана наушниктер бар. Катышуу үчүн акция тууралуу видеону репост кылуу, фестивалда reels тартуу, аны #айдоофест2026 жана #Zero хэштегдери менен жарыялап, @abank.kg белгилей кетүү керек. Маанилүү: видео сөзсүз фестивалда тартылышы керек; толугу менен жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн контент кабыл алынбайт.

Коноктордун ыңгайлуулугу үчүн акысыз трансфер уюштурулган. Эки күн бою автобустар төмөнкү багыттар боюнча каттайт:
• Ала-Тоо аянты (Бишкек шаары);
• Панфилов айылы (Чүй облусу);
• Манас айылы (Чүй облусу).

Айдоо Фест 2026 — бул майрамдык маанайга, драйвга жана жаркын эмоцияларга бөлөнүү, үй-бүлө жана достор менен чогуу убакыт өткөрүү, ошондой эле өлкөнүн агрардык тармагындагы масштабдуу окуянын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү.

Улуттук банктын лицензиясы № 048

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй башкармалыгы Аламүдүн районунда инвентаризация жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүү Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айылдарындагы кум-шагыл казуу жана иштетүү объектилеринде өттү. Бетон орнотмолор (БСУ), майдалоо-сорттоо орнотмолору (ДСУ), эритме-бетон түйүндөрү (РБУ) жана кирпич заводу текшерилди. Жыйынтыгында 18 объект

Ишкер Media
Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Жогорку Кеңештеги парламенттик угууда субижарага байланышкан айып пулдар боюнча Салык кызматы менен бир чечимге келишкенин билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынынан кабарлашты. Анын айтымында, субижарачылар мыйзам бузса, жоопкерчилик базар жана соода борборлорунун ээлерине жүктөлүп жатат. Бирок алардын ортосунда түз келишим жок. Ошондуктан ассоциация айып пул салуудан

Ишкер Media
Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн жоопкерчиликтен качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасай баштаган. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзуп, чет өлкөдөн К.С. аттуу жаранды кармады. Тергөөдө аныкталгандай, К.С. буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен жабырлануучу М.Н.нын 150 миң

Ишкер Media
Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media