Улуттук банк алтынчы ирет интервенция менен чыгып, 168 млн доллар сатты

Улуттук банк алтынчы ирет интервенция менен чыгып, 168 млн доллар сатты

КРнын Улуттук банкы 16-апрелде быйылкы жылдын эсеби менен валюта рыногунда алтынчы ирет интервенция жасап, 168 млн доллар сатты. Бул сумманын 111.4 млн доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылса, 56.6 млн доллары бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен сатылган.

Көлөмүнүн ирилиги боюнча жыл башынан берки интервенциялардын арасынан бул сатуу 30-мартта болгон интервенциядан кийинки экинчи орунда турат. Жыл башынан бери жүргүзүлгөн интервенцияларды эске алганда, жалпы валюта сатуунун көлөмү 893.45 млн долларга жетти. Натыйжада, Улуттук банк төрт айга жетпеген убакыт ичинде эле 2025-жылдагы жалпы интервенциялардын көлөмүнөн ашып түштү.

 Эске салсак, 2025-жылы жөнгө салуучу сегиз жолу валюта интервенциясын жүргүзүп, жалпы 853 млн доллар саткан. Өткөн жылы эң ири бир жолку сатуу 22-декабрда болуп, анын көлөмү 179,5 млн долларды түзгөн.

Интервенция – бул Улуттук банктын валюта рыногундагы чет элдик валютанын жетишсиздигин жоюу жана улуттук валютанын курсун туруктуу кармоо максатында колдонулган негизги инструменттердин бири болуп саналат. 

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй башкармалыгы Аламүдүн районунда инвентаризация жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүү Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айылдарындагы кум-шагыл казуу жана иштетүү объектилеринде өттү. Бетон орнотмолор (БСУ), майдалоо-сорттоо орнотмолору (ДСУ), эритме-бетон түйүндөрү (РБУ) жана кирпич заводу текшерилди. Жыйынтыгында 18 объект

Ишкер Media
Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Жогорку Кеңештеги парламенттик угууда субижарага байланышкан айып пулдар боюнча Салык кызматы менен бир чечимге келишкенин билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынынан кабарлашты. Анын айтымында, субижарачылар мыйзам бузса, жоопкерчилик базар жана соода борборлорунун ээлерине жүктөлүп жатат. Бирок алардын ортосунда түз келишим жок. Ошондуктан ассоциация айып пул салуудан

Ишкер Media
Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн жоопкерчиликтен качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасай баштаган. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзуп, чет өлкөдөн К.С. аттуу жаранды кармады. Тергөөдө аныкталгандай, К.С. буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен жабырлануучу М.Н.нын 150 миң

Ишкер Media
Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media