2026-жылдын февралында Кыргызстанга 224 млн $ ашык акча которулган

2026-жылдын февралында Кыргызстанга 224 млн $ ашык акча которулган

2026-жылдын февраль айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн жалпы 224,2 млн $ өлчөмүндө акча которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, акчанын негизги агымы КМШ өлкөлөрүнөн келип, анын көлөмү 208,2 млн $ түздү. Ал эми алыскы чет мамлекеттерден 16 млн $ которулган.

Ошол эле учурда аталган мезгил аралыгында Кыргызстандан чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн акча каражаттарынын көлөмү 18,9 млн $ болгон. Анын 17,2 млн $ КМШ өлкөлөрүнө, ал эми 1,7 млн $ алыскы чет өлкөлөргө багытталган.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанда акча которуу кызматын 20 эл аралык система көрсөтөт. Алардын арасында Астрасенд, Золотая Корона, MoneyGram, Юнистрим жана Western Union сыяктуу системалар калк арасында кеңири колдонулат.

Адистердин баамында, акча которуулардын басымдуу бөлүгүнүн КМШ аймагынан келиши кыргызстандыктардын негизги эмгек миграция багыты ушул регион экенин дагы бир ирет тастыктап турат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжайда окуучуларга финансылык сабаттуулук боюнча лекция өтүлдү

Ысык-Көлдөн 800 метрлик эски балык уулоочу торлор чыгарылды

Нарындын Эмгекчил айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды