“Айдоо Фест 2026”: Республикалык агрофестиваль 15 000ден ашуун катышуучуларды жана конокторду чогултту

“Айдоо Фест 2026”: Республикалык агрофестиваль 15 000ден ашуун катышуучуларды жана конокторду чогултту

18–19-апрелде “ABank” ААКсы тарабынан уюштурулган ири масштабдуу “Айдоо Фест 2026” агроөнөр жай фестивалы Чүй облусунун Кожомкул айылында өткөрүлдү. Эки күнгө созулган иш-чарага өлкө боюнча 15 000ден ашык катышуучулар жана коноктор — дыйкандар, айыл чарба өндүрүүчүлөрү, бизнестин жана тармактык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Фестивалдын башкы өнөктөшү “Автомаш Радиатор” ЖЧКсы, ал эми расмий өнөктөшү “Агромаш Холдинг Тех Сервис” АТСК болду.

“ABank” ААКнын Башкармасынын төрагасы Тилек Алимджановдун айтымында, “Айдоо Фест” агро өнөр жай тармагын өнүктүрүү, дыйкандарды колдоо жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Төрага белгилегендей, фестиваль өткөн жылдагы демилгени улантып — Кыргызстандагы биринчи жер айдоо чемпионаты 2026-жылы кеңейүү мүмкүнчүлүгү бар толук кандуу республикалык аянтчага айланды.
Республикалык жер айдоо чемпионатына Кыргызстандын 7 облусунан келген эң мыкты механизаторлор күч сынашты - алар аймактык этаптардын жеңүүчүлөрү болчу.

Айдоо чемпионатынын жеңүүчүлөрү:
• 1-орун — Талас облусу: Бектур Кенешбеков, Бексултан Усонов
Байге: Россиядагы айдоо боюнча чемпионатына ABankтын толук каржылоосу менен жолдомо, ошондой эле “ППТ-042 Tukan HP” пресс-топтогуч жана 100 000 сом жана 500 USDга сертификаттар башкы демөөрчү “Автомаш Радиатор” ЖЧКнан тарабынан;
• 2-орун — Чүй облусу: Кубанычбек Оморов, Бакытбек уулу Талас
Байге: 1LF-430 сокосу жана расмий өнөктөшү тарабынан акчалай сертификаттар;
• 3-орун — Ош облусу: Исабек Мойдунов, Уларбек уулу Эгемберди
Байге: VMS (1,9 м) барабандык чөп чапкыч жана башкы демөөрчү тарабынан акчалай сертификаттар;
4–7-орундарды ээлеген катышуучулар да сыйлыксыз калышкан жок - аларга телевизорлор жана Банктын өнөктөштөрү тарабынан акчалай сертификаттар тапшырылды.

Мындан сырткары коноктордун көңүлүн өлкө боюнча 14 катышуучу катышкан кой кыркуу мелдешине бурду.
Кой кыркуу мелдешинин жыйынтыктары:
• 1-орун: Тилек Билалов (Чүй облусу) — "Ватан Агро" компаниясынан бирдиктүү сүт саап алуучу аппарат жана музоого сүт берүүчү бөтөлкө менен 1000 USDга сертификат;
• 2-орун: Марат Курманалиев (Талас облусу) — TCL телевизору жана 1000 USDга сертификат;
• 3-орун: Нурбек Токолдошев (Чүй облусу) — уюлдук телефон жана 1000 USDга сертификат;
• 4-орун: Эсенкул Кыскараев (Чүй облусу) — уюлдук телефон жана 1000 USDга сертификат;
• 5-орун: Тагай Алтымышов (Бишкек) — Dikforce шаймандар топтому жана 1000 USDга сертификат.

Механизаторлордун маневр жана чеберчилиги боюнча сынакта катышуучулар жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн көрсөтүшүп, ага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 21 катышуучу катышты.

• 1-орун: Кубатбек Шигаев — “Салем Агро” ЖЧК компаниясынан минералдык жер семирткич чачуучу техника жана Банктын өнөктөштөрүнөн трактор сатып алууга (500 USD) жана комбайн сатып алууга (200 000 сом) сертификаттар;
• 2-орун: Улан Исматов— “Ватан Агро” компаниясынан бир орундуу саан аппараты + музоолорго сүт берүүчү бөтөлкө жана трактор (500 USD), комбайн (200 000 сом) сатып алуу үчүн сертификаттар;
• 3-орун: Алмаз Кубанычбеков — шаймандар топтому жана трактор үчүн магнитола, ошондой эле трактор (500 USD) жана комбайн (200 000 сом) сатып алууга сертификаттар;
• 4-орун: Кемелкан уулу Аскар — 18 литр мотор майы;
• 5-орун: Куттубек Токонов — 18 литр мотор майы.

Таймаштан тышкары, фестиваль коноктор үчүн мазмундуу көңүл ачуу программасын сунуштады: блогерлер арасындагы конкурстар, фан-пасстар боюнча шыктандыруучу акциялар, айыл чарба продукцияларынын жарманкеси жана үй-бүлөлүк интерактивдүү иш-чаралар уюштурулду.

Фестивалдын аймагында айыл чарба техникаларынын көргөзмөлөрү, фермердик жарманке, эс алуу зоналары жана балдар аянтчасы иштеди. Өзгөчө кызыгууну арашан тукумундагы койлордун көргөзмөсү жаратты. Анда рекорддук көрсөткүчтөргө ээ болгон, салмагы 214 кг жеткен кой көрсөтүлдү.

“Айдоо Фест 2026” өлкөдөгү эң ири агрардык иш-чаралардын бири болуп, кесипкөй коомчулукту жана кеңири аудиторияны бириктирди. Фестиваль тажрыйба алмашуу, заманбап агротехнологияларды жайылтуу жана Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча экенин дагы бир жолу далилдеди.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып