Россиянын Борбордук банкынын эсептик чени 14,5% чейин түштү

Россиянын Борбордук банкынын эсептик чени 14,5% чейин түштү

Россиянын Борбордук банкынын директорлор кеңеши 2026-жылдын 24-апрелинде негизги эсептик ченди 0,5 базистик пунктка төмөндөтүп, жылдык 14,5% деңгээлинде бекитти.

 РФнын Борбордук банкынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ички суроо-талап акырындап рыноктун мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келе баштады. Бирок инфляция толук турукташкан жок - ал жылдык эсепте 4–5% деңгээлинде сакталып турат. Ошондой эле тышкы шарттар жана бюджеттик саясатта дагы деле белгисиздик сакталып жатат.

Банк мындан ары да эсептик ченди төмөндөтүү маселесин инфляциянын динамикасына, күтүүлөргө жана тышкы-ички тобокелдиктерге жараша карай турганын билдирди.

 Алдын ала Борбордук банктын божомолдоосу боюнча, 2026-жылы пайыздык чен орточо 14–14,5% болсо, 2027-жылы 8–10% чейин төмөндөшү мүмкүн. Ал эми инфляция 2026-жылы 4,5–5,5% деңгээлде кармалып, экономиканын өсүшү 0,5–1,5% чегинде болот деп, болжолдонууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени болсо, февраль айынын соңунан бери 12% өлчөмүндө кармалып турат. Билдирүүгө караганда, КРнын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен боюнча кийинки отуруму 27-апрелде өткөрүлөт.   

Мындан тышкары окуңуз

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media
6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү - 2020-жылы 21,3 млрд сомдон, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 158 млрд сомду түздү. Ал эми ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 138, 9 млрд сом чогултулду. Бул бажылык администрациялоону модернизациялоонун негизги натыйжаларынын бири гана. Мындай билдирүүнү Бажы

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо боюнча кезектеги рейд өттү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл башкармалыгы Орто-Өрүктү, Кичи-Өрүктү жана Дархан-Тосор айылдарынын аймактарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, рейддин жүрүшүндө Орто-Өрүктү жана Кичи-Өрүктү айылдарынан 700 метр эски синтетикалык тор жана 20 кг

Ишкер Media
"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media