BAKAI жана ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы кибершылуундукка каршы: CYBERTOR-2026 эксперттерди жана миңдеген катышуучуларды бириктирди

BAKAI жана ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы кибершылуундукка каршы: CYBERTOR-2026 эксперттерди жана миңдеген катышуучуларды бириктирди

2026-жылдын 23-апрелинде Бишкекте кибершылуундукка каршы күрөшүүгө жана жарандарды санарип чөйрөдө коргоого арналган форум өттү. Иш-чара мамлекеттик органдардын, бизнес өкүлдөрүнүн жана эл аралык эксперттердин башын бириктирди. Онлайн-трансляцияны 1000ден ашуун адам көрүп, форум Кыргызстандын бардык 7 облусунан катышуучуларды камтыды.

CYBERTOR-2026 заманбап киберкоркунучтарды талкуулоочу негизги аянтчага айланды. Форумга Россия Федерациясынан жана Беларусь Республикасынан келген коноктор катышып, бул иш-чаранын эл аралык деңгээлин жана маанисин дагы бир жолу белгиледи. Катышуучулар шылуундуктун актуалдуу схемаларын, жасалма интеллект жана deepfake сыяктуу технологиялардын таасирин, ошондой эле реалдуу учурларды жана коргонуу ыкмаларын талкуулашты.

Киберкылмыштуулукка каршы күрөштүн эл аралык тажрыйбасы тууралуу Россия ИИМинин Омск академиясынын башчысынын орун басары, юридика илимдеринин доктору, профессор, полициянын полковниги жана ЕККУнун эл аралык эксперти Владимир Гусев айтып берди:

"Бүгүн киберкылмыштуулуктун чек арасы жок, ага каршы натыйжалуу күрөш тыгыз эл аралык кызматташтык, тажрыйба алмашуу жана адистердин кесиптик дараметин үзгүлтүксүз өнүктүрүү шартында гана мүмкүн". 

Көйгөйдүн масштабын реалдуу окуялар айгинелеп турат. BAKAIдын блогери жана амбассадору Мээрим Төлөпберген башынан өткөн жеке тажрыйбасы менен бөлүштү:

"Менин жүзүмдү шылуундук схемасында колдонушкан: маегимден үзүндү алып, аны жасалма интеллект аркылуу иштетип, “акча табуу” тууралуу жалган видео жасап чыгарышкан. Аларга жетүү дээрлик мүмкүн эмес - баары өтө профессионалдуу уюштурулган". 

Форумда финансылык коопсуздукка жана санарип сабаттуулукка өзгөчө көңүл бурулду.

"Бүгүн технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу киберкылмыштар татаалдашып баратат. Бирок бир нерсени эстен чыгарбоо маанилүү: кылмышкерлер табылат, ал эми ар бир адам кабардар болуп, өзүн коргой билиши керек", - деп белгиледи ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Кибербашкармалыгынын башчысы Руслан Шаршембиев.

BAKAI технологияларга гана эмес, кардарларды окутууга да басым жасайт.

"Банкта санарип тобокелдиктерден коргоо системасы түзүлгөн - операцияларды көзөмөлдөөдөн тартып фейк аккаунттарды аныктоого чейин. Бирок негизги басым билим берүүгө багытталган: биз жогорку окуу жайлары менен кызматташып, шылуундар кандай аракеттерди жасай турганын түшүндүрөбүз. Эң башкысы - коопсуздугуңуз өз колуңузда", - деп белгиледи BAKAIдын маалыматтык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Гулжигит Жалилов. 

BAKAI Башкармасынын Төрагасынын биринчи орун басары Марат Какеев мындай деп белгиледи:

"Бүгүн биз киберкылмыштуулукка каршы туруу үчүн мамлекеттин, бизнес өкүлдөрүнүн жана эксперттердин күч-аракетин бириктирип жатабыз. BAKAI үчүн бул жөн гана өнөктөштүк эмес, кардарлардын коопсуздугу жана өлкөдөгү санарип чөйрөнүн өнүгүшү үчүн терең жоопкерчилик".

BAKAI Маркетинг департаментинин директору Айдай Мокушева мындай деп кошумчалады:

"Биз мындай демилгелерди Ички иштер министрлиги менен биргеликте ишке ашырып жатабыз, анткени бүгүн адамдар гана эмес, бизнес да жабыркап жатат. Биздин милдетибиз - күч-аракеттерди бириктирүү жана алдын ала аракеттенүү. Бул жалпы рыноктун орток жоопкерчилиги".

Форумдун жыйынтыгында катышуучулар уюштуруунун жогорку деңгээлин, талкуулардын практикалык баалуулугун жана көтөрүлгөн темалардын актуалдуулугун белгилешти. Коноктор эксперттик аналитика менен гана чектелбестен, уюмдардын деңгээлинде да, күнүмдүк турмушта да колдонууга боло турган шылуундукка каршы конкреттүү ыкмаларды алышты.

CYBERTOR-2026 форуму кибершылуундукка каршы натыйжалуу күрөш мамлекеттин, бизнестин жана коомчулуктун күч-аракети бириккенде гана мүмкүн экенин тастыктады. BAKAI санарип чөйрөдө коопсуздукту жана ишенимди жогорулатууга багытталган демилгелерди мындан ары да колдой бермекчи.

Мындан тышкары окуңуз

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media
6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү - 2020-жылы 21,3 млрд сомдон, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 158 млрд сомду түздү. Ал эми ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 138, 9 млрд сом чогултулду. Бул бажылык администрациялоону модернизациялоонун негизги натыйжаларынын бири гана. Мындай билдирүүнү Бажы

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо боюнча кезектеги рейд өттү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл башкармалыгы Орто-Өрүктү, Кичи-Өрүктү жана Дархан-Тосор айылдарынын аймактарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, рейддин жүрүшүндө Орто-Өрүктү жана Кичи-Өрүктү айылдарынан 700 метр эски синтетикалык тор жана 20 кг

Ишкер Media
"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media