Кыргызстанда жүгүртүүдөгү нак акчанын көлөмү 280 млрд сомдон ашты

Кыргызстанда жүгүртүүдөгү нак акчанын көлөмү 280 млрд сомдон ашты

2026-жылдын 1-апрелине карата Кыргыз Республикасында жүгүртүүдөгү нак акчанын жалпы көлөмү 280 млрд 131,5 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,6 млрд сомго же 15,3%га көбөйгөндүгүн Улуттук банктан кабарлашты.  

Анын ичинен 26,9 млрд сом коммерциялык банктардын кассаларында сакталса, негизги бөлүгү — 253,1 млрд сом — банк тутумунан тышкары жүгүртүүдө колдонулуп жатат.

2026-жылдын биринчи чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республика боюнча жалпы 1 трлн 383 млрд сомдон ашык каражат түшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 13%га көптүк кылат.
 Коммерциялык банктардын кассаларына нак акчанын түшүүсү 

 Ошол эле учурда коммерциялык банктар аркылуу кардарларга берилген нак акчанын көлөмү 1 трлн 378 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 11%га өскөн.

Коммерциялык банктардын кассаларынан нак акчанын берилиши 

Ал эми аталган мезгил аралыгында коммерциялык банктардын кассаларына нак акчанын кайтарымдуулугу 100,4% түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,8 пайыздык пунктка жогорулаган. Бул көрсөткүчтөр өлкөдө нак акча жүгүртүүнүн активдүүлүгү жогорулап жатканын жана экономикалык операциялардын көлөмү өсүп жатканынын белгиси деп, Улуттук банктан билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media
6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү - 2020-жылы 21,3 млрд сомдон, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 158 млрд сомду түздү. Ал эми ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 138, 9 млрд сом чогултулду. Бул бажылык администрациялоону модернизациялоонун негизги натыйжаларынын бири гана. Мындай билдирүүнү Бажы

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо боюнча кезектеги рейд өттү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл башкармалыгы Орто-Өрүктү, Кичи-Өрүктү жана Дархан-Тосор айылдарынын аймактарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, рейддин жүрүшүндө Орто-Өрүктү жана Кичи-Өрүктү айылдарынан 700 метр эски синтетикалык тор жана 20 кг

Ишкер Media
"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media