Ош шаарындагы бир катар акча алмашуу бюролорунун лицензиясы убактылуу токтотулду

Ош шаарындагы бир катар акча алмашуу бюролорунун лицензиясы убактылуу токтотулду

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош шаарындагы бир катар алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети убактылуу токтотулду.

Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлагандай, чечимдер 2026-жылдын 25-апрелинен тарта күчүнө кирди. Лицензиясы токтотулган бюролордун көпчүлүгү Ош шаарынын Кулигов көчөсүндө, «Достук-автожолу» көзөмөл өткөрмө пунктунун аймагында жайгашкан.

 Алардын катарында төмөнкүлөр кирет:

«Бахтияр финанс» ЖЧКсы — лицензиясы 1-майга чейин токтотулду;
«Динислам финанс» ЖЧКсы — 1-майга чейин;
«Валюта Достук» ЖЧКсы — 1-майга чейин;
«Финанс Ош» ЖЧКсы — 4-майга чейин;
«Абдуллох Финанс» ЖЧКсы — 29-апрелге чейин.

 Улуттук банк мындай чаралар мыйзам талаптарын сактоону камсыз кылуу жана валюта рыногундагы тартипти күчөтүү максатында көрүлүп жатканын белгилейт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжайда окуучуларга финансылык сабаттуулук боюнча лекция өтүлдү

Ысык-Көлдөн 800 метрлик эски балык уулоочу торлор чыгарылды

Нарындын Эмгекчил айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды