Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактап калды

КРнын Улуттук банкы эсептик ченди (негизги ченди) өзгөртүүсүз 12,00% деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Тиешелүү чечим 2026-жылдын 28-апрелинен тартып күчүнө киргендигин Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков басма сөз жыйынында билдирди. 

Билдирүүгө караганда, мындай чечим өлкөдөгү инфляциялык басымдын сакталып турушу жана дүйнөлүк рыноктогу белгисиздиктер менен байланыштуу кабыл алынды.

“Өлкөдөгү учурдагы инфляциялык процесстер тышкы сыяктуу эле, ички факторлордун таасири астында калыптанууда. Мында өлкөдөгү инфляцияга негизги таасир тышкы шарттардан уланууда. Дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу жана жогорку глобалдык белгисиздик дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда баалардын өсүшүн шарттаган. Атап айтканда, акыркы эки айда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу алкагында дан эгиндерине, өсүмдүк майларга жана энергия продукцияларга дүйнөлүк баанын өсүшү байкалууда” – деди Козубеков.  

Улуттук банк өлкөдө баа туруктуулугун камсыз кылууга жана орто мөөнөттүү келечекте инфляция көрсөткүчүн 5-7%дык максаттуу көрсөткүчкө кайтаруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган катуулатылган акча-кредит саясатына таянууну уланта берери айтылды.

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен боюнча кийинки отурум 2026-жылдын 25-майына белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media
Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Талас районунун А.Огонбаев айылында таза суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо долбоору башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор айылдын суу инфраструктурасын жакшыртууга, калктын сапаттуу жана коопсуз сууга жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган. Иштерди 1,5 жыл ичинде аяктоо пландалууда. Натыйжада 4 миң

Ишкер Media
Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп жатат. Анын ичинен 6 банк ислам принциптери боюнча кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери банк секторунун көрсөткүчтөрү бир топ өстү. Банктардын жалпы активдери 24,2% өсүп, 1 трлн 504,8

Ишкер Media
Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media