Улуттук банк банктардын чет өлкөдөгү ишин кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга сунуштады

Улуттук банк банктардын чет өлкөдөгү ишин кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга сунуштады

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Демилге өлкөдөгү коммерциялык банктардын чет өлкөдөгү филиалдары аркылуу ишин өркүндөтүп, финансылык туруктуулугун жана банктык көзөмөлдүн тийиштүү деңгээлин сактоо менен эл аралык каржы рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

 Улуттук банктын маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр Президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы №106 Жарлыгын ишке ашыруу максатында даярдалган. Негизги өзгөрүүлөр:
  • Кыргыз банктарынын чет өлкөлөрдөгү филиалдары аркылуу берилген айрым кредиттерди классификациялоонун жаңы тартиби киргизилет;
  • Чет өлкөлөрдө ачылган филиалдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу айрым материалдык эмес активдерди эсепке алуу жеңилдетилет;
  • Эл аралык рейтингге ээ компанияларга берилген кредиттер боюнча тобокелдик деңгээлин аныктоо тартиби такталат;
  • Банктардын чет өлкөлөрдөгү ишин жөнгө салуу эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилет.
Улуттук банктын маалыматына караганда, бул өзгөрүүлөр кошумча бюджеттик каражаттарды талап кылбайт жана социалдык же экономикалык терс кесепеттерди жаратпайт.

Токтом долбоору коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий сайтына жана коомдук талкуу порталына жайгаштырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып