Тоголез Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы КРнын Улуттук банкында болду

Тоголез Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы КРнын Улуттук банкында болду

Тоголез Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы баштаган делегация КРнын Улуттук банкында болуп, башкы жөнгө салуучунун иши менен таанышты.

Тоголез Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбен баштаган делегациянын расмий иш сапарынын алкагында, Улуттук банктын ишмердүүлүгү менен таанышуу дагы каралган.

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, чет өлкөлүк коноктор Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков  менен жолугушуп, КРнын борбордук банкынын иши жөнүндө маалымат алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптан мындан аркы кызматташуу жолдорун талкуулашып, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. 

Иш чаранын жыйынтыгында КРсы менен Тоголез Республикасы эки тараптуу конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин тастыкташты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжайда окуучуларга финансылык сабаттуулук боюнча лекция өтүлдү

Ысык-Көлдөн 800 метрлик эски балык уулоочу торлор чыгарылды

Нарындын Эмгекчил айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Эсептөө палатасы: Ош шаарынын бюджетинде миллиарддаган мыйзам бузуулар ачыкталды