Улуттук банк мыйзам бузуу менен акча алмаштырган жактарга айып пул салды

Улуттук банк мыйзам бузуу менен акча алмаштырган жактарга айып пул салды

КРнын Улуттук банкы КРнын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген 2 акча алмашуу бюросуна жана 1 жаранга айып пул салды.

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Баткен облусунда жайгашкан алмашуу бюролорунун бирине КРнын мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузганы үчүн 55 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан лицензиясыз чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн Кыргызстандын 1 жаранына 17 миң 500 сом айып салынганы маалым болду.

Мындан тышкары, ушундай эле мыйзам бузууга жол берген Бишкек шаарындагы дагы бир алмашуу бюросуна 55 миң сом айып пул салынды.


Азыркы тапта Кыргызстан боюнча Улуттук банктын лицензиясын алып, ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан 889 акча алмаштыруучу жай бар.

Мындан тышкары окуңуз

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып

ШКУ саммитине байланыштуу “Манас” аба майданында чектөө киргизилет

ШКУ саммитине байланыштуу “Манас” аба майданында чектөө киргизилет

“Манас” эл аралык аба майданы 31-августта жана 1-сентябрда ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу өзгөчө режимде иштейт. “Кыргызстан аэропорттору” ААК маалымдагандай, күндүз үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын кабыл алуу жана жөнөтүү убактылуу чектелет. Маалыматка ылайык, 31-августта чектөө саат 09:00дөн 20:00гө чейин күчүндө болот. Бул убакта аба