Жогорку Кеңеш Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү 3-окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү 3-окууда кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 3-окууда жактырылып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама менен Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров баяндама жасады.

Эл өкүлүнүн айтымында, долбоордун негизги максаты жарандык мамилелерди өркүндөтүү, исламдык каржылоонун инструменттерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана укуктук жөнгө салууну эл аралык тажрыйбага шайкеш келтирүү болуп саналат.

Ошондой эле документ өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталгандыгы айтылды.

“Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин корутундусун эске алуу менен кайрадан иштелип чыгып, мыйзам долбоордун азыркы редакциясына министрлер кабинетинин жана Улуттук банктын оң корутундулары берилди. Ал эми комитет 2026-жылдын 28-апрелиндеги отурумунда аталган мыйзам долбоорун карап, ал колдоо тапты”- деп билдирди, Абиров.

Эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоорун суроосуз эле колдоого алып, үчүнчү окууда кабыл алып беришти.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media
Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Талас районунун А.Огонбаев айылында таза суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо долбоору башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор айылдын суу инфраструктурасын жакшыртууга, калктын сапаттуу жана коопсуз сууга жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган. Иштерди 1,5 жыл ичинде аяктоо пландалууда. Натыйжада 4 миң

Ишкер Media
Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп жатат. Анын ичинен 6 банк ислам принциптери боюнча кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери банк секторунун көрсөткүчтөрү бир топ өстү. Банктардын жалпы активдери 24,2% өсүп, 1 трлн 504,8

Ишкер Media
Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media