2026-жылдын I кварталында Депозиттерди коргоо фонду өсүшүн улантты

2026-жылдын I кварталында Депозиттерди коргоо фонду өсүшүн улантты

Финансылык туруктуулук ишенимден жана бекем кепилдиктерден башталат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо фондунун көлөмү 10,4 млрд сомго жетип, болгону үч ай ичинде 7,2 пайызга көбөйдү.

КРнын жарандары коммерциялык банктарга салган депозиттеги акчаларын коргоо максатында түзүлгөн Фонддун суммасы ай сайын көбөйүп жаткандыгын КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинен кабарлашты.

Эске салсак, аталган агенттик бүгүнкү күндө Депозиттерди коргоо системасы жана Депозиттерди коргоо фондун башкаруу алкагында калктын банктардагы жана финансы-кредиттик уюмдардагы аманаттарын коргоодон тышкары, банктарды жоюу жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо боюнча иш-милдететрди аткарат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media
Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Таласта 4 миң тургун таза суу менен камсыздалат

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Талас районунун А.Огонбаев айылында таза суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо долбоору башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор айылдын суу инфраструктурасын жакшыртууга, калктын сапаттуу жана коопсуз сууга жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган. Иштерди 1,5 жыл ичинде аяктоо пландалууда. Натыйжада 4 миң

Ишкер Media
Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

Кыргызстанда банктардын активдери 1,5 триллион сомдон ашты

2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеп жатат. Анын ичинен 6 банк ислам принциптери боюнча кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери банк секторунун көрсөткүчтөрү бир топ өстү. Банктардын жалпы активдери 24,2% өсүп, 1 трлн 504,8

Ишкер Media
Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media