Улуттук банк эки жаңы банкка лицензия берди

Улуттук банк эки жаңы банкка лицензия берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылдын 13-майындагы Башкарманын чечими менен эки жаңы банкка банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензия берди.

Аталган чечимге ылайык, “Кылым Банк” ачык акционердик коомуна жана “Мурас Банк” жабык акционердик коомуна улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугу расмий түрдө ыйгарылды.

Бул лицензиялар жаңы банктарга кардарларга толук кандуу банктык кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, акыркы эки жыл ичинде Кыргызстандын банк системасы туруктуулугун гана эмес, өсүү потенциалын да көрсөтүп жатат. 2025-жылдын аягынан бери үч жаңы банк («Берекет Банк» ЖАК, «АФБ» ЖАК жана Асман Банкы» ЖАК) каттоого алынган. Ага чейин акыркы банк 2016-жылы ачылгандыгы белгилүү болгон.  

Адистердин айтымында, жаңы банктардын рынокко кириши атаандаштыкты күчөтүп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат. Ошондой эле жарандар жана бизнес үчүн насыя, төлөм, депозит жана санариптик кызматтардын жаңы түрлөрү пайда болушу мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолу таш көчкүдөн тазаланды

Түндүк – Түштүк жолу таш көчкүдөн тазаланды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 241,5-чакырымына тоо боорунан түшкөн таш көчкү жана топурак массалары толук тазаланып, жол ачылды.  Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, учурда аталган тилке коопсуз абалда. Эки тараптуу унаа кыймылы калыбына келтирилди. Эске салсак, 13-майда Түндүк – Түштүк унаа жолуна таш көчкү түшүп убактылуу жабылган. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары

ELQR системасын түзүүгө салымын кошкон айрым адистер сыйланды

ELQR системасын түзүүгө салымын кошкон айрым адистер сыйланды

Улуттук банкта банк кызматкеринин күнүнө карата ELQR системасын түзүүгө салымын кошкон айрым кызматкерлерди, банк жана төлөм секторлорунун өкүлдөрүн, ошондой эле ведомстволор аралык жана жумушчу топтордун катышуучуларын сыйлоо аземи болуп өттү. Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, QR-коддордун бирдиктүү стандартын киргизүү өлкөнүн каржы секторун санариптештирүүнүн негизги этабы болуп саналат. Аны

Кыргызстан менен Корея соода-экономикалык алаканы бекемдөөнү көздөөдө

Кыргызстан менен Корея соода-экономикалык алаканы бекемдөөнү көздөөдө

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Кореянын Соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууга КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык директор Хон Дуён, Алматы филиалынын директору Ким Джунг-хун жана КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык директордун орун басары Йе Гван Хо катышты. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык

Адылбек Касымалиев Бишкектеги социалдык объектилерди текшерди

Адылбек Касымалиев Бишкектеги социалдык объектилерди текшерди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы”медиадолбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин башчысы № 23 орто мектеби үчүн жаңы имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышты. 700 орунга ылайыкташтырылган мектептин үч кабаттуу