Улуттук банктын нумизматикалык музейинде ачык эшик күнү өткөрүлөт

Улуттук банктын нумизматикалык музейинде ачык эшик күнү өткөрүлөт

КРнын Улуттук банкы Эл аралык музей күнүнө карата бардык коллекциялык нумизматикалык баалуулуктарга кызыккан адамдарды 2026-жылдын 18-майында нумизматикалык музейде өтө турган ачык эшик күнүнө чакырат.

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, музейге келген адамдарга улуттук валютанын өнүгүү тарыхы, банкнотторду даярдоо баскычтары тууралуу маалымат берилет. Ошондой эле Улуу Жибек жолу доорунан тартып Кыргызстандын аймагында табылган кайталангыс байыркы монеталар экспозициясын көрүү мүмкүнчүлүгү сунушталат. 

Мындан сырткары, музейде Улуттук банк тарабынан 1995-2026-жылдары чыгарылган коллекциялык монеталардын жана чет элдик акча белгилеринин үлгүлөрүнүн экспозицияларын көрүүгө болот.

Билдирүүгө караганда, экскурсия Улуттук банктын Бишкек шаары, Киев көчөсү, 189 дарегинде (К. Акиев көчөсү менен кесилишет) саат 10.00дон 17.00гө чейин өтөт. Кирүү акысыз. Экскурсияга келүүчүлөрдүн жанында инсандыгын тастыктаган документ (паспорт, студенттик билет, айдоочулук күбөлүгү) болууга тийиш.
💡
Экскурсияга төмөнкү телефондор аркылуу алдын ала жазылуу шартталат: 0 (312) 61-24-14; 0 (312) 66-90-15 (+1232; +1234) же mail@nbkr.kg электрондук дарек аркылуу жазылса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш компаниясына 93 миң сом айып салынды

Бишкек шаарында курулуш компаниясы мыйзам бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына Токтоналиев көчөсүнүн жашоочулары кайрылган. Алар курулуш компаниясы уруксатсыз септик казып, саркынды сууларды агызып жатканын билдиришкен. Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалык

Ишкер Media
Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

Кыргызстан менен Сингапур кош салык салууну жойду

12-октябрда Кыргызстандын экономика министри Бакыт Сыдыков менен Сингапурдун транспорт жана финансы министри Джеффри Сиоу онлайн форматта кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Макулдашуу ачык жана болжолдоого боло турган салык чөйрөсүн түзүүгө, кош салык салуу тоскоолдуктарын жоюуга жана инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө

Ишкер Media
Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш таштады

Манас шаарында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш ташташты. Алар Region телеканалына маянасы аз экенин, аны убагында алалбай жатышканын, кошумча жумуштар үчүн каралган акча берилбегенин айтышкан. "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Байгазы Эргешов 31-август үчүн кошумча каражат кечиккенин моюндап, мэрияга караштуу ишкана болгондуктан каражатты өз алдынча иштете албай турганын

Ишкер Media
Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге ыйгарылды

Экономика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгы америкалык экономисттер Роберт Холл жана Майкл Вудфордго ыйгарылды. Алар сыйлыкка "макроэкономикалык турукташтыруунун микроэкономикалык негиздери" аталышындагы эмгектери үчүн алышты. Холл менен Вудфорд иштеп чыккан моделдер мамлекеттер менен борбордук банктарга экономикалык каатчылыктарды, инфляцияны жана өсүш мезгилдерин жакшыраак башкарууга жардам берет.  Сыйлык тууралуу 12-октябрда Швециянын

Ишкер Media