Евразия борбордук банктарынын кеңешинин отуруму болду

Евразия борбордук банктарынын кеңешинин отуруму болду

Бишкек шаарында Евразия борбордук (улуттук) банктарынын кеңешинин 54-отуруму болуп өттү. ЕБК мүчөлөрү болуп - Россия Федерациясынын Борбордук банкы, Армян Республикасынын Борбордук банкы, Беларусь Республикасынын Улуттук банкы, Казакстан Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Тажикстандын Улуттук банкы саналат. 

КРнын Улуттук банкынын билдирүүсүнө караганда, 54-отурумда тараптар банк секторун өнүктүрүү келечегин, өлкөлөрдүн виртуалдык активдерин жөнгө салуу боюнча тажрыйбасын, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстердин ЕБК өлкөлөрүнүн төлөм теңдеминин көрсөткүчтөрүнө таасирин талкуулашты.

Айрыкча туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо рыногун андан ары өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Отурумдун жыйынтыгында тараптар борбордук (улуттук) банктардын ишинин ар кандай багыттары боюнча мындан ары да тажрыйба алмашууга жана өз ара иш алып барууну бекемдөөгө даяр экендигин ырасташты.


Кеңештин милдети болуп, финансы-банк чөйрөсүндө интеграцияны тереңдетүү, улуттук валюталык-финансылык жана банк системаларын өнүктүрүү маселелери боюнча тараптардын иш-аракеттерин координациялоо, көп тараптуу жана эки тараптуу төлөм-эсептешүү мамилелерин өркүндөтүү жана ЕБК жөнүндө макулдашууга катышкан борбордук (улуттук) банктардын компетенциясынын алкагындагы башка маселелер саналат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөйт

Дүйнөлүк банктан айылдарды өнүктүрүүгө 20 млн доллар тартылат

Алдыда электр энергиясын экспортко чыгаруу пландалууда

Ишкер аялдар Кепилдик фонддун колдоосу менен 16 млрд сомдон ашык насыя алышты

Президенттин алдында ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүзгөн кеңешме түзүү сунушталууда