Улуттук банк банктар үчүн киберкоопсуздук талаптарын күчөтүүнү сунуштайт

Улуттук банк банктар үчүн киберкоопсуздук талаптарын күчөтүүнү сунуштайт

КРнын Улуттук банкы коммерциялык банктар үчүн маалыматтык коопсуздук жана киберкоопсуздук талаптарын күчөтүүнү караган токтом долбоорун 7-июлда коомдук талкууга чыгарган.

Документтин негизги максаты – Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын «Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө» мыйзамга шайкеш келтирүү жана банк секторун санарип сомду ишке киргизүүгө даярдоо болуп саналат.

Долбоорго ылайык, коммерциялык банктар үчүн ISO/IEC 27001:2022 эл аралык маалыматтык коопсуздук стандарты милдеттүү түрдө киргизилип, ага ылайык сертификациядан өтүү талабы коюлат. Мындан тышкары, документте:

-        маалыматтык коопсуздук боюнча инциденттер тууралуу Улуттук банкка милдеттүү түрдө маалымдоо;
-        программалык камсыздоону коопсуз иштеп чыгуу жана тестирлөө талаптарын күчөтүү;
-        мобилдик тиркемелердин сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу;
-        алдамчылыкка каршы кошумча техникалык чараларды киргизүү;
-        маалыматтык инфраструктуранын физикалык коопсуздугун күчөтүү;
-        аутсорсингдик компанияларга жана кызмат көрсөтүүчүлөргө карата талаптарды катаалдаштыруу сунушталган.

Улуттук банк белгилегендей, сунушталган өзгөртүүлөр банк секторунун кибертуруктуулугун жогорулатып, санариптик кызматтардын, анын ичинде санарип сомдун коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган. Ошондой эле жаңы талаптар алдамчылык фактыларын азайтууга көмөк көрсөтөрү күтүлүүдө.

Токтом долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каражатты талап кылбайт жана жарандардын же юридикалык жактардын укуктарын чектебейт. Долбоордун коомчулук тарабынан талкууланышы 27-июлга чейин созулат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 21-июлда 09:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Суу өчүрүлө турган аймак: Маевка айылы: Скворцов көчөсү - Шаттык көчөсү - Чүй-39 көчөсү - Түлөбердиев көчөсү - Жапаров

Ош шаарында 815 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Ош шаарында 815 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу башталды

Ош шаарынын Көчкөнөв көчөсүндөгү №135 даректе муниципалдык ипотекалык ишкана кура турчу көп батирлүү турак үйдүн курулушуна мезгил кутусун салышты. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. Белгиленгендей, долбоорду муниципалдык ипотекалык

Айрым аймактарда 19-20-июлда абанын табы адаттан тыш жогорулайт

Айрым аймактарда 19-20-июлда абанын табы адаттан тыш жогорулайт

19-20-июлда өлкө аймагында абанын табы кескин жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүз абанын температурасы +41...+43 градуска чейин жетет. Кыргызгидромет күндүн эң ысык маалында сыртта көп жүрбөөгө, жетиштүү суюктук ичүүгө жана өсүмдүктөрдү үзгүлтүксүз сугарууга чакырды. Ошондой эле абанын

АИ-95 бензини бир күндө 109,9 сомго чейин кымбаттап, Бишкекте тартыштык күчөдү

АИ-95 бензини бир күндө 109,9 сомго чейин кымбаттап, Бишкекте тартыштык күчөдү

Бишкекте АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы кескин жогорулап, айрым май куюучу жайларда литри 109,9 сомго чейин жетти. Ошол эле учурда айрым түйүндөрдө күйүүчү май таптакыр жок болуп, айдоочулар арасында нааразычылык күчөдү. Бишкек шаарындагы май куюучу жайлардын абалына сереп салсак, анын жыйынтыгы төмөндөгүдөй: -        Bishkek Petroleum май куюучу жайларында АИ-95