Борбордук банктар санарип финансы боюнча кызматташат

Борбордук банктар санарип финансы боюнча кызматташат

ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын Валюта саясаты боюнча консультациялык кеңешинин 30-отуруму болуп өттү. Катышуучулар отурумдун жүрүшүндө ЕАЭБ өлкөлөрүндө орун алган макроэкономикалык жагдайды жана ишке ашырылып жаткан акча-кредит саясатын талкуулашты.

Жыйынга Россиянын Борбордук банкынын төрайымы - Эльвира Набиуллина, Армениянын Борбордук банкынын төрагасы - Мартын Галстян, Беларусь Улуттук банкынын төрагасынын орун басары - Александр Егоров, Казакстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары - Ерулан Жамаубаев жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы - Алмаз Бакетаев баштаган делегациялар катышты.

КРнын Улуттук банкынын маалыматына караганда, отурумдун жүрүшүндө катышуучулар кредиттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү ченемдер, финансы рынокторунда жасалма интеллектти жөнгө салуу жана өнүктүрүү маселелери боюнча өз ара пикир алмашты.

Жыйындын жыйынтыгында, тараптар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин санарип финансы инфраструктурасын өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документ санариптик финансылык кызматтарды өнүктүрүүдө өлкөлөр ортосундагы өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун