Улуттук банк мыйзам бузган акча алмаштыруучу жайларга чара көрдү

Улуттук банк мыйзам бузган акча алмаштыруучу жайларга чара көрдү

Өткөн аптада мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын нормативдик укуктук актыларын бузган учурлар боюнча бир катар таасир этүүчү чаралар кабыл алынды.

Улуттук банк жарыялаган расмий маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда жайгашкан бир акча алмаштыруу бюросуна мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле Бишкек шаарында лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу ишин жүргүзгөн 6 жаранга ар бирине 17 миң 500 сомдон айып пул салынды.

Мындан тышкары, айрым алмашуу бюролорунун лицензиялары убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, Бишкек шаарындагы «Про мани» алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети 2026-жылдын 25-июлунан 27-июлуна чейин токтотулду.

Ал эми Чоң-Капка көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан "Лидер 07" алмашуу бюросунун лицензиясы 24-июлдан 7-августка чейин убактылуу токтотулду.

Улуттук банк жарандарды валюта алмаштыруу операцияларын лицензиясы бар алмашуу бюролору аркылуу гана жүргүзүүгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик