Валюта алмаштыруу эрежесин бузгандарга 17,5 миң сомдон айып салынды
Улуттук банк мыйзам талаптарын жана өзүнүн нормативдик укуктук актыларын бузган жарандарга карата таасир этүүчү чараларды көрдү.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун төрт тургунуна жана Жалал-Абад облусунун эки тургунуна мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн ар бирине 17 500 сомдон айып пул салынды.
Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунда лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бир жаранга дагы 17 500 сом өлчөмүндө айып салынды.
Улуттук банк финансылык кызматтарды көрсөтүүдө мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгын белгилеп, лицензиясыз валюта алмаштыруу мыйзам жоопкерчилигин жаратарын эскертти.