BAKAI 2025-жылдагы Туруктуу өнүгүү боюнча отчетун жарыялады

BAKAI 2025-жылдагы Туруктуу өнүгүү боюнча отчетун жарыялады

Бишкек, 2026-жылдын 5-августу — BAKAI 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Туруктуу өнүгүү боюнча отчетун жарыялады. Ошентип, Банк финансылык эмес маалыматтарды жыл сайын жарыялоо практикасын улантты.

Бул отчеттун жарыяланышы Банктын ачык-айкындуулук, жоопкерчиликтүү бизнес жүргүзүү жана ESG принциптерин корпоративдик башкарууга, стратегиялык пландаштырууга жана операциялык ишмердүүлүккө интеграциялоо боюнча ырааттуу жана системалуу мамилесин чагылдырат.

БУУнун Глобалдык келишиминин толук кандуу катышуучусу катары Банк туруктуу өнүгүүнү өзүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын ажырагыс бөлүгү жана кардарлардын, өнөктөштөрдүн жана коомчулуктун ишенимин сактоонун маанилүү фактору катары карайт.

"ESG боюнча алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү жана финансылык эмес отчеттуулукту үзгүлтүксүз жарыялап туруу — бул биздин негизги принциптерибиздин бири. Заманбап жана инновациялык банк операциялык ишенимдүүлүктү камсыз кылуу менен гана чектелбестен, кардарлар, коом жана инвесторлор үчүн узак мөөнөттүү баалуулукту жаратышы керек.
Туруктуу өнүгүү принциптерин кардарлар менен өз ара иш алып баруу механизмдерине, тобокелдиктерди башкарууга жана чечим кабыл алуу процесстерине интеграциялоо бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга, туруктуулугун бекемдөөгө жана кызыкдар тараптардын суроо-талаптарына жооп берүүгө мүмкүндүк берет", — деп белгиледи BAKAIдын Башкармалыгынын Төрагасы Тимур Ибрагимов.

Отчет эл аралык GRI стандарттарына ылайык даярдалды. Аны даярдоодо Банк ошондой эле Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу финансылык маалыматты ачыктоо боюнча жумушчу топтун (TCFD) сунуштарын, S&P Global CSAнын корпоративдик туруктуулукту баалоо критерийлерин, БУУнун Глобалдык келишиминин принциптерин жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын жетекчиликке алды.

Отчет Банктын туруктуу каржылоо инструменттерин мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын көрсөтөт. Артыкчылыктуу багыттар катары жашыл насыялоо портфелин өнүктүрүү жана социалдык багыттагы каржылоону кеңейтүү белгиленген. Мында чакан жана орто бизнес субъекттеринин капиталга туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

BAKAIдын 2025-жылдагы Туруктуу өнүгүү боюнча отчетунун кыргыз, орус жана англис тилдериндеги толук версиялары Банктын расмий сайтында жеткиликтүү.
Банк тууралуу
BAKAI — 1998-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан Кыргыз Республикасындагы алдыңкы универсал коммерциялык банктардын бири. Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген лицензиялардын негизинде иш алып барат жана салттуу банктык кызматтар менен өнүмдөрдүн кеңири спектрин, ошондой эле исламдык каржылоо кызматтарын көрсөтөт. Банктын ишенимдүүлүгү эл аралык рейтингдик агенттиктердин кредиттик рейтингдери, ошондой эле S&P Global CSAнын ESG баалоосу менен тастыкталган.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media