Накталай рубль боюнча жагдайга Улуттук банк түшүндүрмө берди

Накталай рубль боюнча жагдайга Улуттук банк түшүндүрмө берди

Акыркы күндөрү Кыргызстанда айрым коммерциялык банктардын накталай орус рублин кабыл алууну чектегени тууралуу коомчулукта талкуу жаралды. Өзгөчө туристтик сезон кызуу жүрүп жаткан учурда бул жагдай россиялык туристтер үчүн ыңгайсыздык алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар социалдык түйүндөрдө жарыяланууда. Ушуга байланыштуу “Ишкер медиа” КРнын Улуттук банкына кайрылып түшүндүрмө алды.

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, акыркы мезгилде Россиянын коммерциялык банктары чет өлкөлүк банктардан, анын ичинде Кыргызстандын коммерциялык банктарынан накталай рублди кабыл алууга көзөмөлдү күчөтүүдө.

“Белгилей кетүүчү жагдай, Казакстан Республикасынын, Армениянын, Грузиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын банктары да ушул сыяктуу кырдаалга туш болушту. Казакстандын коммерциялык банктары кассаларында орусиялык рубль менен накталай акча каражаттарын кабыл алуу үчүн төлөмдөрдү киргизишти; айрым Армениянын каржы институттары орусиялык рубл менен накталай акча которууларды толугу менен токтотушту.” – дейт КРУБдун маалыматында.

Мунун кесепетинен кыргызстандык банктар орус рубли менен накталай акча которууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн чектеп, ошого жараша жогорулаган чыгымдарды жабуу жана операциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн тарифтерин кайра карап чыгууга алып келгендиги белгилүү болду:

“Бул чектөөлөр орусиялык рубл менен накталай акча которууларга гана тиешелүү экенин жана акча которууларды кошо алганда накталай эмес төлөмдөргө таасир этпей турганын эске алыңыз. Улуттук банк коммерциялык банктар тарабынан орусиялык рубль менен накталай акча каражаттарын кабыл алууга эч кандай чектөөлөрдү киргизген жок жана мындай операцияларды чектөө боюнча эч кандай сунуштар берилген эмес.”

Улуттук банктын маалыматына караганда,  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктык кызматтар үчүн төлөмдөрдү кошо алганда, тарифтик саясатты түзүү коммерциялык банктардын өздөрүнүн компетенциясына кирет. Андыктан операциялык тобокелдиктерге жана экономикалык мүмкүнчүлүктөргө негизделип, бул саясат өз алдынча жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media