Улуттук банк 2 алмашуу бюросунун лицензиясын токтотуп, 1 жаранга айып пул салды

Улуттук банк 2 алмашуу бюросунун лицензиясын токтотуп, 1 жаранга айып пул салды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк валюта рыногундагы айрым оюнчуларга карата тиешелүү чара колдонду.

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Талас облусундагы эки акча алмаштыруу бюросунун лицензиясынын аракети убактылуу токтотулуп, бир жаранга айып пул салынды.

Тагыраагы, Манас районундагы Май айыл аймагында жайгашкан “Кербен-Алтын булак” ЖЧКсынын алмашуу бюросунун лицензиясы 2026-жылдын 21-августуна чейин, ал эми Чоң-Капка көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан “Вариант Кеш” ЖЧКсынын лицензиясы 13-августка чейин токтотулду.

Мындан сырткары Ошондой эле Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгы лицензия жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзүп жаткан Ж.Н.К аттуу жаранга - 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салгандыгы маалым болду.

Улуттук банк жарандарды чет өлкө валютасын алмаштырууда лицензиясы бар алмашуу бюролорунун кызматынан гана пайдаланууга чакырып, мыйзамсыз валюта алмаштыруу жоопкерчиликке алып келерин эскертти.


Алмашуу бюросу - бул КРнын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырылган нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын жабдылган пункт болуп саналат.

Акча алмашуу ишмердүүлүгү менен атайын лицензияга ээ болгон юридикалык жактар гана алектене алышат.

 

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик