3 коммерциялык банктын жооптуу кызматтарында жаңы дайындоолор
КРнын Улуттук банкы 6-августта үч коммерциялык банктын жооптуу кызматтарына сунушталган талапкерлерге макулдук берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда кийинки талапкерлер Улуттук банктын макулдугун алышкан:
- “Азия Банкы” ЖАКтын тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызматына - Алдаяров Нурлан Нуркулович;
- “КСБ Коммерциялык Банк” ЖАКтын ички аудит бөлүмүнүн начальниги кызматына - Джамалидинов Улан Кенешович;
- “Компаньон Банкы” ЖАКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызматына - Нуралиева Зарема Маратовна.
Талапкерлердин бардыгы тиешелүү коммерциялык банктар тарабынан Улуттук банкка сунушталган.