Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөнү аныкталган.

Ушуга байланыштуу Улуттук банк ар бир жаранга - 17 500 сомдон айып пул салды.

Кыргызстанда нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү лицензиясы бар алмашуу бюролору гана жүргүзүүгө укуктуу. Мындай талаптардын негизги максаты — валюта рыногунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын укуктарын коргоо жана акча алмаштыруу операцияларынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу болуп саналат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкө аймагында жер титиреди

Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат

Быйыл 4 коллекциялык тыйын чыкты

Жыгач экспортуна тыюу салууну узартуу сунушталды

Баткенде ооруканалардын көмүрү 92%, мектеп-бала бакчалардын 74% жеткирилди