Улуттук банк валюта рыногуна 196,2 млн доллар сатты

Улуттук банк валюта рыногуна 196,2 млн доллар сатты

Улуттук банк 10-августта интервенция жасап, валюта рыногуна 196,2 млн доллар сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, 41 млн доллар бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен сатылса, калган 155,2 млн доллар башка күндөгү эсептөөлөр менен сатылган.

Белгиленгендей, бул Улуттук банктын 2026-жылдагы 10-валюталык интервенциясы жана көлөмү боюнча жыл башынан берки экинчи ири валюталык сатуусу.

Эске салсак, эң ири интервенция 29-июнда жүргүзүлүп, анда 222,55 млн доллар сатылган. Жалпысынан, 10-августтагы операцияны кошкондо, Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунда 1,6688 млрд доллар сатты.

Ал эми быйыл АКШ долларын сатып алуу боюнча интервенциялар жүргүзүлө элек.

Улуттук банктын валюта рыногундагы интервенциялары, анын ичинде чет өлкө валютасын сатуу операциялары, ички рыноктогу суроо-талап менен сунуштун тең салмактуулугун камсыз кылууга жана сомдун кескин серпилүүсүн азайтууга багытталат.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкө аймагында жер титиреди

Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат

Быйыл 4 коллекциялык тыйын чыкты

Жыгач экспортуна тыюу салууну узартуу сунушталды

Баткенде ооруканалардын көмүрү 92%, мектеп-бала бакчалардын 74% жеткирилди