Салык кызматы ишкерлерди ЭСФ 2.0 системасын сыноого катышууга чакырууда

Салык кызматы ишкерлерди ЭСФ 2.0 системасын сыноого катышууга чакырууда

Мамлекеттик салык кызматы ЭСФ 2.0 электрондук эсеп-фактурасынын жаңы модулун пилоттук режимде ишке киргизип, ишкерлерди аны сыноого катышууга чакырды.

Салык кызматынын алдындагы «Салык Сервис» Мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, ишкерлер жаңы системаны колдонуп гана тим болбостон, анын мындан аркы иштешине сунуш-пикирлери аркылуу таасир эте алышат. Ишкерлердин сунуштары системаны акыркы иштеп чыгууда эске алынышы мүмкүн.

ЭСФ 2.0 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып этап-этабы менен киргизилет. Биринчи этапта система расмий түрдө төмөнкү товарларга колдонулат:

  • мунай жана мунайзаттары;
  • ЕАЭБ алкагында көзөмөлгө алынуучу айрым товарлар, анын ичинде тиричилик муздаткычтары жана тоңдургучтар;
  • кир жуучу машиналар;
  • телекөрсөтүү аркылуу байланыш үчүн кабыл алуучу аппаратуралар.

Башка товарлар үчүн ЭСФ 2.0 азырынча пилоттук режимде гана жеткиликтүү болот. Анын ичинде алкоголдук жана тамеки продукциялары да бар.

Билдирүүгө караганда, пилоттук долбоорго катышкан ишкерлер жаңы системаны алгачкылардан болуп сынап, иштеп чыгуучуларга түз сунуш берип, аны бизнеске ыңгайлуу кылууга катыша алышат. Ал эми ЭСФ 2.0 расмий түрдө толук ишке киргенге чейин азыркы форматтагы ЭСФти колдонуу милдеттүү бойдон кала берет.

Пилоттук долбоорго катышууну каалаган ишкерлер 0 (312) 62-08-55 номери аркылуу байланышса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде масштабдуу модернизация уланууда

Жалал-Абад облусундагы Үч-Коргон ГЭСинде станциянын кубаттуулугун жогорулатууга багытталган модернизация иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, учурда №2 гидроагрегатты алмаштыруу толук аяктап, №1 агрегатты жана өндүрүштүк инфраструктураны жаңылоо жүрүп жатат. Долбоордун алкагында реконструкция 2024-жылы башталган. Буга чейин №4, №3 жана №2 гидроагрегаттар жаңыланып, жалпы кубаттуулук

Ишкер Media
Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкекте эттин баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддер уланууда

Бишкек шаарында эт азыктарына белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө жана уй эти менен кой этинин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти. Билдирүүгө караганда, рейддик иш-чаралар райондук муниципалдык администрациялар тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтардын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте

Ишкер Media
Нарында Ленин көчөсүн оңдоодо аныкталган кемчиликтер жоюлат

Нарында Ленин көчөсүн оңдоодо аныкталган кемчиликтер жоюлат

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы Нарын шаарындагы Ленин көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштеринин сапатын текшерди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Жол чарба департаменти, шаардык прокуратура, мэрия жана тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда комиссиялык түрдө өттү. Жыйынтыгында суу өткөрүүчү лотокторду орнотууда жана тышкы жарыктандырууда долбоордон четтөөлөр жана

Ишкер Media
Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Таласта ишкерлерге мамлекеттик каржылоо механизмдери түшүндүрүлдү

Талас шаарында "Региондорду экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишкерлер жана стартап идеясы бар жарандар менен маалыматтык жана B2B форматындагы жолугушуу өттү. Бул тууралуу “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКнан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чарада “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКсынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, бизнести мамлекеттик каржылык колдоонун механизмдери жана жеңилдетилген каржылоону алуу шарттары

Ишкер Media