Кыргызстанда банк секторунун активдери 1,5 трлн сомдон ашты

Кыргызстанда банк секторунун активдери 1,5 трлн сомдон ашты

Кыргызстандын банк секторунун суммардык активдери үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында масштабдуу өсүштү көрсөттү. 2026-жылдын башынан бери 30,2%га өсүп - 1 трлн 577,3 млрд сомду түздү. Мында билдирүүнү Улуттук банктын басма сөз кызматы жарыялады.

Билдирүүгө караганда, июнь айынын аягына карата КРда  26 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иш алып барды. Банк секторунун кардарларына берилген кредиттердин көлөмү көбөйүп, жыл башынан бери 18,9%га өсүп - 602,6 млрд сомго жетти. Ошондой эле банктардын жалпы депозиттик базасы 6,8%га көбөйүп - 924,7 млрд сомду түздү.

Ислам принциптерине ылайык каржылоо багытында да өсүш байкалып, анын көлөмү жыл башынан бери 35,4%га көбөйүп, 26 млрд сомго жеткен.

Жалпысынан, көрсөткүчтөр банк секторунда активдердин жана кредит берүүнүн өсүшү уланганын, ошондой эле исламдык каржылоого кызыгуу жогорулап жатканын көрсөтүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ишкер аялдар Кепилдик фонддун колдоосу менен 16 млрд сомдон ашык насыя алышты

Президенттин алдында ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүзгөн кеңешме түзүү сунушталууда

Айылдарды өнүктүрүү үчүн 1,5%дык насыя берилет

Кыргызстандын беш компаниясы Стамбулдагы "Халал Экспо - 2026" көргөзмөсүнө катышууда

Бишкек жана Тбилиси шаарларынын кызматташтыгы сүйлөшүлдү