Россияда банктардын 2 миңден ашуун бөлүмү жабылышы мүмкүн

Россияда банктардын 2 миңден ашуун бөлүмү жабылышы мүмкүн

Россияда банктар офлайн бөлүмдөрүнүн санын кыскартууну улантууда. "Известия" басылмасынын маалыматына ылайык, учурдагы темп сакталса, 2026-жылдын аягына чейин дагы 2,1 миңден ашык банк бөлүмдөрү жабылышы мүмкүн. Бул акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Билдирүүгө ылайык, 2026-жылдын январь–август айларынын аралыгында эле Россиянын банктары 1 370 кошумча кеңсесин жапкан. Орточо эсеп менен айына 196 бөлүм ишин токтоткон. Бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн болжол менен эки эсеге көптүк кылат.

Жабылган бөлүмдөрдүн 40%га жакыны Сбербанкка туура келет, бул банк 540ка жакын кеңсесин жапкан.

Бул тенденциянын негизги себеби - кардарлардын жүрүм-турумунун өзгөрүшүндө, деп ПСБ банк жана финансы рыногун талдоо бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Грицкевич билдирген. Анын айтымында көпчүлүк күнүмдүк операцияларды мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу жүргүзүүгө болот, ал эми накталай акча операцияларын банкоматтар аткарат.

Ошол эле учурда банктар филиалдардан толугу менен баш тартууну көздөбөйт. Айрым финансылык уюмдар жаңы бөлүмдөрдү дагы ачууну пландап жатышат.

Эксперттердин айтымында, узак мөөнөттүү келечекте Россиядагы банк кеңселеринин саны дагы кыйла азайып, кийинки беш жылда 2–2,5 эсеге чейин кыскарышы мүмкүн. Анткени менен офлайн-тейлөө кызматын толугу менен жокко чыгаруу планда жок.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media