Кыргызстанга келген акча которуулар былтыркы жылга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга келген акча которуулар былтыркы жылга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын май айында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы 287,9 млн $  түзгөн. Бул көрсөткүч 2025-жылдын май айындагы 299,2 млн $ салыштырмалуу төмөндөгөн. Өлкөдөн сыртка чыккан акчанын агымы да азайганы байкалууда. 2025-жылдын май айында 36,2 млн $ которулган болсо, быйылкы майда 35,7 млн $  агылып чыккан.

Улуттук банктын маалыматына караганда, Кыргызстанга келген каражаттардын негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүнө туура келет. 2026-жылдын май айында бул багыттан -  252,4 млн$ келген. Анын ичинен Россиядан келген акча которуулар - 240,6 млн$ түзгөн. Башкача айтканда, Россиядан келген каражаттар КМШ өлкөлөрүнөн келген которуулардын 90% түзөт.

Өзбекстандын Улуттук банкынын маалыматтарына таянсак, Өзбекстанда да акча которуунун негизги булагы болуп - Россия саналат. Анын да үлүшү акырындап азайып: 2026-жылдын биринчи кварталында Россиянын үлүшү 72,4% болсо, бир жыл мурда 77,6% болгондугу маалым болду.  

Андан кийинки акча которуунун ири багыты болуп, эки өлкөгө тең – АКШ эсептелет. Май айында ал жактан Кыргызстанга 18,1 млн $ которулган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда акча которуу кызматтарын 20 эл аралык система көрсөтөт. Алардын арасында Астрасенд, Золотая Корона, MoneyGram, Юнистрим жана Western Union сыяктуу системалар калк арасында кеңири колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media